Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 18-августу № 21-28
Кошумча төлөм жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн кошумча төлөм жөнүндө катын карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. 2021-жылдын 1-сентябрынан тартып төмөнкүлөргө ар айлык эмгек акы менен кошумча төлөм жактырылсын:
- “Ачык келечек” балдарга билим берүү борборунун директоруна – 15000 (он беш миң) сом;
- завучка – 15000 (он беш миң) сом;
- айыл өкмөтүнүн кызматкерине ЭДЖТ программасы боюнча электрондук документ жүгүртүүнү киргизүү үчүн кошумча төлөм – 6500 (алты миң беш жүз) сом.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |