Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 18-августу № 21-28
Эмгек келишими жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн эмгек келишими боюнча кошумча бирдик кабыл алуу жөнүндө катын карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Жактырылсын:
- китепкананын электрондук тармагына китептерди санариптештирүү жана киргизүү үчүн 2021-жылдын 1-июнунан октябрга чейин бир айлык эмгек акысы 10000 (он миң) сом менен 2 бирдик;
- салык бөлүмүнө 2021-жылдын 1-сентябрынан тартып бир айлык эмгек акысы 7000 (жети миң) сом менен 2 бирдик;
- № 1 АЖОББМга спорт аянтчасынын кароолчусу 2021-жылдын 1-сентябрынан тартып бир айлык эмгек акысы 5000 (беш миң) сом менен 1 бирдик;
- № 2 АЖОББМга спорт комплексинин жана стадиондун кароолчусу 2021-жылдын 1-сентябрынан тартып бир айлык эмгек акысы 8000 (сегиз миң) сом менен 1 бирдик;
- социалдык бөлүмгө айдоочу 2021-жылдын 1-сентябрынан тартып бир айлык эмгек акысы 7000 (жети миң) сом менен 1 бирдик;
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |