Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 18-августу № 23-28
Ата-энелер төгүмү жөнүндө
Аламүдүн айыл аймагында жайгашкан муниципалдык бала бакчалардын башчыларынын бала бакчага төлөнүүчү ата-энелер төгүмүн көбөйтүү жөнүндө арызын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. 2021-жылдын 1-сентябрынан тартып бала бакчага ай сайын төлөнүүчү ата-энелер төгүмү 2000 (эки миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн расмий alamudun.kg веб-сайтына жайгаштырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |