Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 18-августу № 25-28
Кошумча төлөм жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн укук белгилөөчү документтери жок ишкерлерди аныктоо боюнча кошумча мөөнөттөн ашык иштегени үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө катын карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18, 31-беренелеринин негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен 2021-жылдын 31-декабрына чейин тизмеге ылайык кошумча төлөм жүргүзүүгө уруксат берилсин.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |