Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020 жылдын 22-декабры № 162/ ХXIX -27
Ак-Кудук айыл аймагынын 2021 жылга карата социалдык экономикалык өнүгүү иш чараларынын планын бекитүү
“2020 жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө” жана 2021 жылга социалдык экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө” Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап план толугу менен аткарылгандыгын Ак-Кудук айыл өкмөтү белгилейт.
2021 жылга социалдык-экономикалык өнүгүү аймагынын планында жолдорду оңдоо, жарыктандыруу, дренаждык тарамдарды жана жолдорду тазалоо жана айыл аймактын көйгөйлөрүн чечүү каралган, Ак-Кудук айылдык кеңеши
Токтом кылды:
1. “2020-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө” айыл өкмөттүн башчысы А.С.Абдраевдин маалыматы эске алынсын.
2. Ак-Кудук айыл аймагынын 2021 жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча планы бекитилсин.
3. 2021 жылга аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү планын ишке ашыруу боюнча туруктуу иштер жүргүзүлсүн.
4. Жаңы иш орундарын түзүү боюнча иштер улантылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Кудук айылдык Кенешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У. Суваналиев |