Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020 жылдын 22-декабры № 163/ ХXIX -27
Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетин аткаруу жөнүндө
Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылгандыгы Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102 беренесине Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамынын 31-беренесине ылайык “Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгашасы Ак-Кудук айыл аймагынын социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн максаттары жана милдеттерине бөлүнгөн акча каражат ресурстары так көрсөтүлгөн, Ак-Кудук айылдык кеңеши
Токтом кылды:
1. “Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн 2020 жылдын бюджетинин аткаруу жөнүндө” отчету чыгаша бөлүмү боюнча 16136,7 мин сом аткарылгандыгы жана киреше бөлүмү боюнча 16222,4 мин сом аткарылгандыгы бекитилсин.
2. Бюджеттик каражаттын эркин калдыктары негизги эсептен 9541,8 миң сом бекитилсин.
3. Бюджеттик каражаттын эркин калдыктары атайын каражаттан 452,7 миң сом бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Кудук айылдык Кенешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У. Суваналиев |