Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020 жылдын 22-декабры № 165/ ХXIX -27
Акча каражаттын эркин калдыктарын бөлүштүрүү жөнүндө
“2021 жылдын башына акча каражаттын эркин калдыктарын бөлүштүрүү жөнүндө” маалымдаманы карап көрүп, бюджеттик угуунун катышуучуларынын ойлорун жана депутаттардын сунуштарын угуп, Ак-Кудук айылдык кеңеши
Токтом кылды:
1. Бюджеттик каражаттардын эркин калдыгы 9541,8 миң сомду төмөнкү түрдө бөлүштүрүлсүн:
- Көчөлөрдө жарыктарды орнотуу жана ондоо – 3000,0 миң сом;
- маршрутка сатып алуу (БУС мерседес спринтер) -800,0 миң сом;
- балдардын аянтчалары (сатып алуу жана оңдоо)-300,0 миң сом;
- Келечек жана Ынтымак жаңы көчөлөрүнүн жолдоруна шагыл төгүү -200,0 миң сом;
- Киров айылындагы клубдун чатырын алмаштыруу -1000,0 сом;
- Ак-Кудук айылындагы футбол аянтчасын жабуу, сетка сатып алуу-700,0 сом;
- Киров орто мектебинин көмүрканасын оңдоо, терезелерин алмаштыруу -200,0 миң сом;
- Хунчи айылындагы спорттук стадионду каптоо-500,0 миң сом;
- ТЖКЧ муниципалдык ишкананы биргелешип каржылоого-373,3 миң сом;
- Айыл өкмөттүн кызматкерлеринин сыйлык акылары үчүн -829,0 миң сом (2111 б-707,0 миң сом, 2121 б-122,0 сом;
- Киров орто мектебинин айланасын курчоо-1312,5 миң сом;
- Ак-Кудук айылындагы спорткомплекстин айланасын курчоо-327,0 миң сом;
2. Атайын каражаттын эркин калдыгы 452,7 миң сомду төмөндөгүдөй бөлүштүрүү:
- башкаруу апарат болуму – 2215 –б. башка товарларды алуу жана кызмат көрсөтүү – 54,6 миң сом
- ТЖКЧ бөлүмү 2215 –б, - 74,4 миң сом;
- Бала бакчага бөлүмүнө 2218-б, -323,7 миң сом
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Кудук айылдык Кенешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У. Суваналиев |