Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021 жылдын 11-февралы № 171/ ХXХ -27
Айыл аймагынын калк жашаган пункттарынан таштандыларды чыгаруу үчүн чогултуу төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “ Салык Кодексин ишке колдонулушу” жөнүндө Мыйзамынын 12-1.б.,12-2 б. негизинде, 12.01.2002 жылдагы №5 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын жана мамлекттик администрациясы” жөнүндө Мыйзамынын негизинде, Ак-Кудук айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Ак-Кудук айыл аймагында айыл аймагынан таштандыларды чыгаруу үчүн чогултуу төлөмдөрү киргизилсин.
2. Айыл аймагынын калк жашаган пунктарынан таштандыларды чыгаруу үчүн чогултуу төлөмдөрүн 2021-жылга ар бир юридикалык жактан киши башына 100 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Ак-Кудук айыл өкмөтүнө:
- айыл аймагындагы баардык юридикалык жактарга кол койдуруп, токтом менен тааныштырып чыгуусу, айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адисине тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнүАк-Кудук айылдык кеңештнин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөттүн финансы –экономикалык бөлүмүнө жүктөлсүн.
Төрага | У. Суваналиев |