Редакцияот 11.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

2021 жылдын 11-февралы № 173/ ХXХ -27

Жеке агрономдун кызматы үчүн баа прейскурантын жана келишимин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы мелиорация Министирлигинин өсүмдүктөрдүн карантини боюнча департаментинин 2021-жылдын 20-январындагы №014 “Жеке агрономдун кызматы үчүн баа прейскурантын жана келишимин бекитүү жөнүндө” катын угуп жана талкуулап Ак-Кудук айылдык кеңеши

Токтом кылат:

1.    Чүй облусунун экспорттук потенциалын жана айыл чарба продукцияларынын сапатын жогорулатуу максатында, жеке агрономдун кызматынын сунушталган баанын прейскуранты бекитилсин.

2.    Чүй–Бишкек өсүмдүктөрдүн карантини башкармалыгы менен жеке агроном И.Боровдун келишими бекитилсин.

3.    Ушу чечимдин аткарылышын көзөмөл жүргүзүүнү айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрага

У. Суваналиев