Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 11-февралы № 153/XLVII - 1
“2021-жылдын 04-январындагы № 20 Чуй облусунун өнүктүрүү фонду менен каржыланган “Сынак долбоордук табыштамалар” тууралу Чуй облусунун өнүктүрүү фонд мекемесин катын кароо жөнүндө”
2021-жылдын 04-январындагы № 20 Чуй облусунун өнүктүрүү фонду менен каржыланган “Сынак долбоордук табыштамалар” тууралу Чуй облусунун өнүктүрүү фонд мекемесин катын карап чыгып, конкурска катышуу шарттарын изилдеп, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Кайыңды шаарынын мэриясынын бюджетинен 560,0 миң сом өлчөмүндө “ВЛ-04 Кайынды шаарынын аймагындагы Панфиловка/Чалдыбар автотрасысындагы тышкы жарыктандырууну” долбоорду кошо каржылоого макулдук берилсин
2.Кайынды шаарынын мэриясына Чүй облусунун өнүктүрүү фонду тарабынан каржылануучу долбоорлордун сынагына катышуу үчүн “ВЛ-04 Кайынды шаарынын аймагындагы Панфиловка/Чалдыбар автотрасысындагы тышкы жарыктандырууну” долбоорунун калган суммаларын кош каржылоо үчүн документтер пакетин даярдоо жана белгиленген мөөнөттө арыз берүү милдеттендирилсин.
3.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |