Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 11-февралы № 154/XLVII - 2
Трудовая н/ж көчөсүндөгү аянты 756,0 кв.м ээси жок кыймылсыз мүлктү Кайыңды шаарынын мэриясынын балансына кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 257-беренесине жана 18-беренесине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4,5 ,11-пункттарына ылайык, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1.Трудовая н/ж көчөсүндөгү аянты 756,0 кв.м ээси жок кыймылсыз мүлктү Кайыңды шаарынын мэриясынын балансына кабыл алууга макулдук берилсин.
2.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин турак-жай, жер агрардык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |