Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 11-февралы № 155/XLVII - 3
Киселев Сергей Михайловичке “Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кайыңды шаарынын мэриясынын “Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу маалымат – сунуштарын талкуулап, “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу ирээти жөнүндө Жобосунун негизинде, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1.Жаш муундарды патриоттук багытта тарбиялоо, шаардын калкынын коомдук туруктуулугун сактоо жана улуттар аралык достукту чыңдоодогу көп жылдык эмгеги үчүн терең урматтоо жана ыраазычылык билдирүү менен, 65-жаш юбилейинин урматына карата Киселев Сергей Михайловичке “Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгарылсын.
2.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |