Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 11-февралы № 156/XLVII - 4
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү келишимин бекитүү жөнүндө
Кайыңды шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 11-февралындагы №01-6-98-катын карап чыгып, Кайыңды шаардык кенешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1.Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишими бекитилсин: Тиркеме №1– 11-баракта.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлү Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |