Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 25-февралы № 158/XLVIII – 2
“Кайыңды шаарынын мэринин кызматтык милдеттерин убакытылуу Кайыңды шаарынын вице-мэри Джумабаев Эрнур Нурадиновичке жүктөө жөнүндө”
Кайыңды шаарынын мэри Э.Т. Иманкуловдун “2021-жылдын 11-апрелинде өтө турган Кайыңды шаарынын кеңешинин депутаттарын шайлоосуна анын талапкерлерлиги “Столица” саясий партиясынын тизмесине киргенине байланыштуу ыйгарым укутарын аткарууну убактылуу токтоту жөнүндө” арызын карап чыгып,
2011-жылдын 14-июлюндагы Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө 17-беренсинин п.3 б.2 мыйзамынын негизинде , ошондой эле "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу Жөнүндө", мыйзамынын 31-беренесинин 1 пп. 2, ылайык, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1.2021- жылдын 1-мартынан баштап 2021-жылдын 11-апрелинде боло турган Кайыңды шаарынын кеңешинин депутаттарын шайлоосунун натыйжаларын аныктоого чейин мэрдин убактылуу аткаруу милдетти Кайыңды шаарынын вице-мэри Джумабаев Эрнур Нурадиновичке жүктөлсүн.
2.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |