Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ I СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 9-августу № 1/1-5
Фракциялардын көпчүлүк “Ак” коалициясын каттоо жөнүндө
Токмок шаардык кеңешинин Регламентинин жана 2021-жылдын 06- августундагы “Бирге”, «Патриот Ынтымагы» жана «Эл Биримдиги» фракцияларынын ортосунда “Ак” коалициясы түзүлгөн келишимге ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Фракциялардын көпчүлүк коалициясы “Ак” деп катталсын.
2.Фракциялардын көпчүлүк “Ак” коалициясынын төрагасы - Чокеев Кайрат Кубанычбекович жана катчысы - Доконов Бактияр Болотбекович болуп белгиленсин.
3.Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына басылып чыгарылсын.
Төрага | Т. М. Сансызбаев |