Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ II СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 13-августу № 4/2-5
Токмок шаардык кеңешинин 5-чакырылышынын төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө
Депутат А.Т. Маликовдун өз каалоосу менен төраганын орун басарынан баш тартуу арызын карап чыгып, көпчүлүк коалициясы тарабынан сунушталган жаңы талапкерди талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Токмок шаардык кеңешинин 5-чакырылышынын көпчүлүк коалициясы тарабынан төраганын орун басары болуп депутат Доконов Бактыбек Болотбекович шайлансын.
2.Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына басылып чыгарылсын.
Төрага | Т. М. Сансызбаев |