Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ ХХХIII СЕССИЯСЫ
2020-жылдын 29-декабры № 299/38-4
Токмок шаарынын “Токмок Жылуулук” МИнин “Ауди 100” автоунаасын каражаттарын эсептен чыгарууга макулдук берүү жөнүндө
Токмок ш. ММБнын башчысынын м.а. Кусанов С.А. Токмок шаарынын “Токмок Жылуулук” МИнин “Ауди 100” автоунаасын каражаттарын эсептен чыгарууга макулдук берүү жөнүндө катын карап жана талкуулап чыгып жана орто жана кичи бизнести,ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2020-жылдын 28-декабрындагы протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин 30.05.2016-ж. №12/4-4 токтому менен бекитилген “Токмок шаарынын муниципалдык менчигиндеги негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алуу менен,Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Токмок Жылуулук” МИнин Ауди 100 маркасындагы автоунаасы каражаттарын эсептен чыгарууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок ш. биринчи вице мэри К.К.Чотбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. А.Солтобаев |