Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXXVIII СЕССИЯСЫ
2020-жылдын 29-декабры № 297/38-4
Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясы тарабынан берилген материалдарды карап чыгып жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн өзгөртүүлөрүнүн тизмеси бюджеттик ассигниованиелердин жылдырууларынын эсебинен № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Чүй башкармалыгынын башчысы (Жумалиева Г. Т.) бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууларды ушул токтомду №1 тиркемеге ылайык жүргүзсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. А. Солтобаев |