Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXXV СЕССИЯСЫ
2020-жылдын 7-сентябры № 274/36-4
“Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок” массалык-маалымат гезитинин жарнама кызматына акы төлөнүүчү бааларынын прейскурантын бекитүү жѳнүндѳ
Токмок ш. мэриясынын мэри Д.Дж.Амангельдиевдин 2020-жылдын 27-августундагы №1369/1-4 “Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок” массалык-маалымат гезитинин жарнама кызматына акы төлөнүүчү бааларынын прейскурантын бекитүү жѳнүндѳ катын карап жана талкуулап чыгып, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок” массалык-маалымат гезитинин жарнама кызматына акы төлөнүүчү бааларынын прейскуранты № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Т. А. Солтобаев |
Токмок шаардык кеӊешинин
2020-жылдын 7-сентябрынын
№275/35-4 токтомуна
№1 тиркеме
“Менин шаарым Токмок-Мой город Токмок”
жарнама кызматына акы төлөнүүчү үчүн бааларынын прейскуранты
ЖЕКЕ ЖАКТАРГА:
ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРГА:
САЯСИЙ ЖАРНАМАЛАР ҮЧҮН:
Тез арада чыгаруу үчүн – 10 %;
Материалды даярдоо үчүн кабарчыга – 30%.
Жооптуу катчы С.А.Кабаева