Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин кезектеги XXXVII сессиясы (V чакырылышы)
2020-жылдын 18-декабры № 3
“Исфана шаарынын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө”
Исфана шаарындагы “Төө Жайлоо” суу пайдалануучулар ассоциациясынын (СПА) насыяларды кайтаруусу үчүн жана Исфана шаар мэриясынын алдындагы “Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасынын кредитордук карызын төлөп берүү үчүн Исфана шаарынын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаарындагы “Төө Жайлоо” суу пайдалануучулар ассоциациясынын (СПА) насыяларды кайтаруусу үчүн 598000 (Беш жүз токсон сегиз миң) сом акча каражатын Исфана шаарынын жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Исфана шаар мэриясынын алдындагы “Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасынын кредитордук карызын төлөп берүү үчүн 387104 (Үч жүз сексен жети миң бир жүз төрт) сом акча каражатын Исфана шаарынын жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
Б.И. Тагаев |