Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин кезектеги XXXVII сессиясы (V чакырылышы)
2020-жылдын 18-декабры № 5
“Исфана шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 26-февралындагы №5 токтомуна “Исфана шаар мэриясына караштуу кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине аукцион өткөрүү боюнча комиссия курамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
Исфана шаар мэриясынын Исфана шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 26-февралындагы №5 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 26-февралындагы “Исфана шаар мэриясына караштуу кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине аукцион өткөрүү боюнча комиссия курамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” №5 токтомунун 1-бөлүмүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 7-пунктунда көрсөтүлгөн Исфана шаар мэриясынын айыл чарба жана жер боюнча мурдагы башкы адиси К.Шамшиевдин ордуна Исфана шаар мэриясынын айыл чарбасы жана жер боюнча башкы адиси Н.Усаров киргизилсин;
- 9-пунктунда көрсөтүлгөн Исфана шаар мэриясынын уюштуруу иштери боюнча мурдагы жетектөөчү адиси Ч.А.Рысовдун ордуна Исфана шаар мэриясынын уюштуруу иштери боюнча жетектөөчү адиси И.Садыков киргизилсин.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий cайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
Б.И. Тагаев |