Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин кезектеги XXXVIII сессиясы (V чакырылышы)
2021-жылдын 5-февралы № 5
«Исфана шаар мэриясына караштуу муниципалдык менчик департаментине кошумча штаттык бирдиктерди бекитип берүү жөнүндө»
Исфана шаар мэриясына караштуу муниципалдык менчик департаментине кошумча штаттык бирдиктерди бекитип берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мэриясына караштуу муниципалдык менчик департаментине кошумча 2 (эки) штаттык бирдиктери бекитилсин. (Тиркеме тиркелет.)
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
Б.И. Тагаев |
Исфана шаардык Кеңешинин
V чакырылышынын кезектеги XXXVIII
сессиясынын 2021-жылдын
5-февралындагы №5 токтомуна тиркеме
Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине кошумча штаттык бирдиктердин
ТИЗМЕСИ
к№ | Штаттык бирдиктин саны | Кызмат орду | Аткаруучу негизги милдеттери |
1 | 1 | башкы адис | -Исфана шаарынын калкын таза суу менен камсыз кылуу багытындагы Кыргыз Республикасы Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо Банкы менен эки тараптуу Гранттык келишиминин Долбоорду иш жүзүнө ашыруу боюнча III беренесинин 3,05- бөлүгүнүн негизинде Долбоорду иш жүзүнө ашыруу бөлүмүн түзүү үчүн |
2 | 1 | жетектөөчү адис | -Исфана шаарынын жана шаарга караштуу айылдардын аймагындагы жеке тараптар-дын, юридикалык ишканалардын курулушу, жалпы эле курулуш маселелери, курулуш боюнча сметалык документтерди даярдоо ж.б |
Исфана шаар мэриясынын алдындагы
муниципалдык менчик департаментинин башчысы Ж.А.Кадыров