Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин кезектеги XXXVIII сессиясы (V чакырылышы)
2021-жылдын 5-февралы № 6
«Жайыт комитетине караштуу жер тилкесин трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө»
Исфана шаар мэриясына караштуу Тайлан айылынын аймагындагы айыл чарбасына жараксыз Жайыт жер тилкесин көрүстөн үчүн которууга макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХXXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мэриясына караштуу Тайлан айылынын аймагындагы №867-контурундагы айыл чарбасына жараксыз, Жайыт 4.4 га. жер тилкесин көрүстөн үчүн которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.
2. Жер тилкелерин мыйзамдаштырууда иш-кагаздарын жүргүзүү Кыргыз Республикасынын тиешелүү нормативдик-укуктук актыларына ылайыкташтыруу жагы Исфана шаар мэриясына жүктөлсүн.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
Б.И. Тагаев |