Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин кезектеги XXXVIII сессиясы (V чакырылышы)
2021-жылдын 5-февралы № 7
«Исфана шаарынын аймагындагы аты жок көчөлөргө аталыштарды ыйгаруу жөнүндө»
Исфана шаарынын аймагындагы Мурза-Патча айылынын борбордук көчөсүнө, Голбо айылынын жаңы участкасындагы көчөсүнө жана Ак-Булак айылындагы “Колтук” көчөлөрүнө ат коюу жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 17-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХXXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мэриясына караштуу Мурза-Патча айылынын борбордук көчөсүнө Сайитмурат Эрматовдун, Голбо айылынын жаңы участкасындагы көчөсүнө Манап Жалиловдун ысымдары ыйгарылсын жана Ак-Булак айылындагы “Колтук” көчөсү “Чыгыш” көчөсү деп өзгөртүлсүн.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.isfana.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин билим берүү, маданият,мамлекеттик тил, каада-салт жана саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү, экология иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
Б.И. Тагаев |