Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин кезектеги XXXIX сессиясы (V чакырылышы)
2021-жылдын 26-февралы № 1
Исфана шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарынын арызын кароо жөнүндө
Исфана шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Амировдун ээлеген Исфана шаардык Кеңешинин орун басары кызматынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда өз ыктыяры менен токтотууга уруксат берүү жөнүндө жазган арызын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 10-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз ХXXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Амировдун ээлеген Исфана шаардык Кеңешинин орун басары кызматынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда өз ыктыяры менен токтотууга уруксат берүү жөнүндө жазган арызы канаатандырылсын.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
Б.И. Тагаев |