Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин кезектеги XLI сессиясы (V чакырылышы)
2021-жылдын 6-апрели № 1
«Исфана шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын жүргүзгөн иштери жөнүндө»
Исфана шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын жүргүзгөн иштери жөнүндө маалыматтарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XLI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча, Бюджет, экономика, өнөр жай жана инвестиция иштери боюнча, Билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада-салт жана саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү, экология иштери боюнча жана Муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссияларынын жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп табылсын (маалыматтар тиркелет).
2. Белгиленген кемчиликтерди четтетүү жагы Исфана шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин төрагасына жана шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага: |
Б.И. Тагаев |
Исфана шаардык Кеңешинин
V чакырылышынын кезектеги XLI
сессиясынын 2021-жылдын
6-апрелиндеги №1 токтомуна тиркеме
Исфана шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай жана инвестиция
иштери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020- жыл ичинде аткарган
жумуштары боюнча кыскача
МААЛЫМАТ
Бюджет, экономика, өнөр жай жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясынын биринчи отурумунда 2020-жылга карата иш планы бекитилип, ушул иш пландын негизинде жумуштар алып барылды.
2020-жыл ичинде туруктуу комиссиянын 7 жолу отуруму өткөрүлүп күн тартибине коюлган маселелер кеңири талкууланып, каралып чыгылды жана тийиштуу чечимдер кабыл алынды.
2020-жылдын январь айында Исфана шаар мэриясынын 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө, Исфана шаарынын 2019-жылдын социалдык экономикалык өнүгүү (СРС) программасынын аткарылышы жана 2020-жылга карата түзүлгөн социалдык экономикалык өнүгүү (СРС) программасын бекитүү жөнүндө, Исфана жайыт комитетинин 2020-жылга карата мал башына төлөнүүчү жайыт акысынын тарифтерин бекитүү жөнүндө, «Исфана Таза-Суу» муниципалдык ишканасына кошумча штаттык бирдиктерди бекитип берүү жөнүндө. 2020-жылга дем берүүчү гранттарга кошумча сунуштоо үчүн жана райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо үчүн артыкчылыктуу долбоорлордун тизмесин бекитүү жөнүндө жана башка маселелер, бардыгы болуп 11 маселе көрүлүп чыгып Исфана шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясына бекитүү үчүн сунуш кылынды.
Исфана шаардык Кеңешинин 2020-жылдын 31-январындагы V- чакырылышынын XXIX- сессиясында бекитилген 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетин жана тармактардын бюджеттеринин аткарылышы, социалдык-экономикалык өнүктүрүү (СРС) программасынын аткарылышы жана күн тартибиндеги маселелер боюнча кабыл алынган токтомдор жыл ичинде кыймылга алынды.
2020-жылдын февраль айында Исфана шаарынын 2019- жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө жана Исфана шаар аймагындагы мектеп окуучулары үчүн маршруттук каттамдарынын убактысын жана жол кире акысынын тарифин бекитүү жөнүндө маселелер каралып чыгып Исфана шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясына бекитүү үчүн сунуш кылынды. 2020-жылдын май, июнь, август, октябрь, декабрь айларында аткарылган отурумдардагы күн тартибиндеги маселелер көрүлүп чыгылып, кеңири талкууланып бекитүү үчүн кезектеги сессияларга сунушталды.
Жыл ичинде туруктуу комиссиянын бекитилген иш планынын негизинде «Исфана таза суу» муниципалдык ишканасынын, «Лейлек тазалык» муниципалдык ишканасынын, жайыт комитетинин бюджетинин аткарылышы жөнүндө, муниципалдык менчик департаментинин бюджетинин аткарылышы жөнүндө, айыл-чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлеринен түшкөн кирешелер жөнүндө, пайдалуу кен байлыктары жерлеринен түшкөн кирешелер жөнүндө маселелер көрүлүп чыгылып, тийиштуу көрсөтмөлөр берилди.
Исфана шаар мэриясынын киреше бөлүгү дагы квартал сайын кыймылга алынды.
Исфана шаар мэриясынын салык бөлүмүнүн салыктарды жыйноосу кыймылга алынып, тийиштуу көрсөтмөлөр жана сунуштар берилди. «Лейлек тазалык» муниципалдык ишканасынын, муниципалдык менчик департаментинин, айыл-чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлеринен түшүүчү кирешелерди көбөйтүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Жогорудагы тармактарды жетектеген адистер киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча иш-чараларды түзүп иш алып баруусу керек.
2020-жылга бекитилген иш планынын негизинде Исфана шаарынын өнүгүү (СРС) программасы боюнча аткарылып жаткан жумуштар квартал сайын көзөмөлгө алынды.
Бирок пандемияга байланыштуу жумуштар негизинен сентябрь айынан башталды.
2020-жылдын ноябрь айында билим берүү боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү менен биргеликте барып жайында көрүп чыкканыбызда социалдык -экономикалык өнүгүү (СРС) программасы боюнча 2020- жылга кабыл алынган курулуштардын көпчүлүгү аткарылгандыгы аныкталды.
Исфана шаарына караштуу билим берүү мекемелеринин материалдык- техникалык жактан камсыз кылуу боюнча каржыланган Исфана орто мектебинин ашканасын оңдоого 150 710 сом, Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебинин ашканасын оңдоого 477 046 сом, Амир-Темир атындагы орто мектебинин ашканасын оңдоого 448 972 сом акча каражаты максаттуу пайдаланылгандыгы белгиленди. Бул обьекттерди жумуштар ОсОО «Куба» тарабынан жакшы аткарылган.
Түрткү берүчүү гранттын эсебинен каржыланган Исфана орто мектебинин жылытуу системасын оңдоо жана аймагын абаттоо жана Навои орто мектебинин жылытуу системасын оңдоо боюнча жумуштар негизинен жакшы жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди. Кемчиликтери көрсөтүлүп сунуштар берилди. Көрсөтүлгөн кемчиликтер кийинчерек аткарылды. Исфана орто мектебине 3 254 408 сом,а нын ичинен Исфана шаар мэриясы тарабынан 856 615 сом акча каражаты жумшалган, Навои орто мектебине 3 080 070сом, анын ичинен 870 894 сом Исфана шаар мэриясы тарабынан акча каражаты жумшалган. С.Садыков паркында аткарылган жумуштар канааттандырарлык экендиги белгиленди.
№1 МКР дагы Жаңы Конушка өтүүчү көпүрө курулган. Бул көпүрө курулушуна 561 000 сом акча каражаты жумшалган. Бул жерде жүргүзүлгөн иштер канааттандырарлык, сапаты орточо, бирок жаны көпүрөгө окшобой калган.
2019- жылдын аягында курулган № 1 МКРдагы тротуар өтө сапатсыз курулган. Бул маселе бир канча жолу сессияларда дагы айтылды. Акча каражаты бөлүнүп берилге, бирок эч кандай жыйынтык болбоду.
Гимназия №4 га курулган жылытуучу меш жакшы иштеп жаткандыгы белгиленди.
Исфана шаардык Кеңешинин 2020-жылда аткарылган сессияларындагы бюджетке тиешелүү токтомдору негизинен аткарылган, бирок Исфана шаардык Кеңешинин 2020-жылдын 18-декабрында өткөрүлгөн V-чакырылышындагы кезектеги XXXVII- сессиясынын №3 токтому толук аткарылбаган. Тоо-Жайлоо СПАсына насыяларды кайтаруусу үчүн макулдук берилген 598 000 сом акча каражатынан 342 600 сом өткөрүлүп берилген. Калганы азыркы күнгө чейин өткөрүлүп берилген эмес. Мэриянын тийиштүү адистери жогорудагы токтомду аткарып коюусу керек.
Жыл ичинде шаардык Кеңешке бюджет маселеси боюнча түшкөн бардык каттар жана арыздар өз убаганда көрүлүп чыгып, жооп берилди.
Исфана шаардык Кеңешинин бюджет,
экономика, өнөр жай жана инвестиция
боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы: - И. Маматкулов.
Мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын
2020-жыл боюнча бир жылдык кыскача отчеттук маалыматы.
1. Мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылга карата иш планынын кабыл алдык.
2. Мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдан бери төрагасы болуп жетектеп келе жатамын. Төраганын орун басары А. Каримов
3. Мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жыл ичинде туруктуу комиссиясынын 6 жолу отурум өткөрүп күн тартибине коюлган маселелер кеңири талкууланып, каралып чыкты жана тийиштүү чечимдер кабыл алынды.
4. Мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясы 2020-жыл ичинде шаардык Кеңешке мыйзамдуулук боюнча түшкөн бардык маселелерге жана арыздарга өз убагында көрүлүп чыгып жооп берилди.
5. Мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан Исфана шаар мэриясынын аймагындагы жаштар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү жана бул маселе боюнча жалпы депутаттардын отурумунда кеңири маалымат берилди.
6. Мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын иш планга койулган баардык маселелери каралып, Исфана шаардык Кеңешинин сессиясына жалпы депутаттардын кароосуна жөнөтүлдү. Анын аткарылышы боюнча Исфана шаар мэриясына жөнөтүлгөн токтомдору көзөмөлгө алынып, аткарылышы боюнча көзөмөл жүргүзүлдү.
Мыйзамдуулук, башкаруу,
жаштар, спорт, депутаттык
этика жана коомдук уюмдар
менен иштөө боюнча туруктуу
комиссиясынын төрагасы: А. Чумаев
Исфана шаардык Кеңешинин Билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада-салт, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү иштери боюнча туруктуу комиссиясынын
2020-жыл ичинде аткарган иштери боюнча бир жылдык отчёттук маалыматы.
Исфана шаар мэриясына караштуу билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына карата даярдыгы боюнча карап чыгып, 2020-2021-жаңы окуу жылына карата билим берүү мекемелеринде төмөнкүдөй иштер аткарылгандыгын белгилейт.
Азыркы учурда Исфана шаар мэриясына караштуу 11 орто билим берүүчү, 1 жалпы негизги (Д.Жороев), 1 башталгыч (Беш-Бала) жана 2 гимназия мектептери, 11 мектепке чейинки бала бакчалар жана 1 (ДМЧ) ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реаблитациялык борбору ишмердүлүгүн жүргүзүп келүүдө.
2020-2021-окуу жылына карата мектептердин сыйымдуулугу 5301 окуучуга ылайыкташылган болсо анын ордуна 6968 окуучу билим алууда.
Мектепке чейинки бала бакчаларда 926 бала тарбияланышы керек болсо, бүгүнкү күндө 1289 бала тарбияланууда.
Жаңы окуу жылына карата санитардык талаптарга ылайык Исфана шаар мэриясына караштуу
15 мектепке жана 11 бала бакчага жергиликтүү бюджеттин эсебинен 273310 сомго санитайзерлер жана дизенфекциялык каражаттар алынып берилген.
Исфана шаардык Кеңешинин билим берүү комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан бир канча жолу эскертүүбүзгө карабай кемчиликтер дагы эле аткарыбай калууда.
Д.Жороев атындагы орто мектебинин эки классында буржуйка меши жок, парталарынын сыйымдуулугу окуучулардын жашына туура келбейт, алмаштыруу керек.
Самат Садыков атындагы орто мектебинин короосундагы трансформаторду жылдыруу боюнча төрт жылдан бери айтып келебиз, бирок жыйынтык жок.
Мектептин кире беришине паноо (навес) куруу керек. Жаан жааган мезгилде көлчөктөр пайда болуп, балдар мектепке кирип чыгууда кооптуу абал жаралат.
Беш-Бала башталгыч мектебинин короосун тосуу керек жана ажатканага баруучу жолуна тратуар төшөө керек.
Т.Жапаров атындагы орто мектебинин үч классынын полу жараксыз, алмаштыруу керек.
№1 гимназия-жатак интернат мектебинин имараты жараксыз, эскилиги жеткен. Класстарынын сыйымдулугу талапка жооп бербейт. Республикалык бюджетке киргизип, жаңы гимназия мектебин куруу керек.
Тайлан орто мектебинин сыйымдуулугу 200 балага ылайыкташкан болсо, бүгүнкү күндө 181 бала билим алууда. Мектептин айланасын тосуу керек, малдар короосуна кирип жатат. Экинчи имаратынын чатырын алмаштыруу керек. Жамгыр жааган мезгилде чатырынан суу өтүп үч классы жараксыз абалда. Бүгүнкү күнгө чейин мэрия тарабына эч кандай иштер аткарылбай жатат.
Ак-Булак орто мектеби 60 балага ылайыкташылган болсо бүгүнкү күндө 121 бала билим алууда. Окуучуларды олимпиядага даярдоого шарты жок. Окуучуларга жеткиликтүү билим берүүгө лабороториялык приборлор жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө шарттар жок. Китеп каанасы жок, ажатканага баруучу жолду оңдоо керек.
Токтогул атындагы орто мектебинин үч классынын полу жараксыз, китепкана жана лаборотория класстары авариялык абалында эки жылдан бери турат. Окуучуларга жеткиликтүү билим берүү үчүн комрютерлер жетишсиз.
“Арча-Бешик” балдар бакчасы 2018-жылы пайдаланууга берилген. Кошумча бөлмөсү жарака кеткен. Счётчиги трансформатордо турат, счётчикти бала бакчага жылдыруу керек.
“Ак-Шоола” бала бакчасынын көмүрканасы жараксыз абалда чатырынан суу өтөт, алмаштыруу керек.
Ак-Булак балдар бакчасында балдар кийим которуучу жайы жок. Бала бакчанын шартына карабай Исфана шаар мэриясы автомат кир жуучу машина алып берген, иштетилбей турат.
“Ынтымак” балдар бакчасынын көйгөйлөрү боюнча Исфана шаар мэриясына бир канча сунуштарды айтып келебиз бирок эч кандай жыйынтык жок.
Исфана шаардык Кеңешинин Билим берүү,
маданият, мамлекеттик тил, каада-салт,
саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү
иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Джумаев.
Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиянын 2020-жыл ичинде аткарган иштери боюнча кыскача
МААЛЫМАТ
1. Исфана шаардык Кеңешинин Муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиянын биринчи отурумунда 2020-жылга карата иш план бекитилип, иш пландын негизинде жумуштар алып барылды.
2. Исфана шаардык Кеңешинин Муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясы 2020-жыл ичинде туруктуу комиссиянын 9 жолу отурумун өткөрүп, күн тартибине коюлган маселелер кеңири талкуланып, көрүлүп чыгылды жана тийиштүү чечимдер кабыл алынды.
3. Исфана шаардык Кеңешинин Муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясы Исфана шаар аймагынан турак жай курууга жер участокторун бөлүп берүү боюнча Исфана шаар мэриясына караштуу муниципалдык менчик департаментинин маалыматы угулду жана комитет отурумунда талкуланып, канаттандыралдык эмес деп табылып, кезектеги сессияга жалпы депутаттардын кароосуна жөнөтүлдү.
4. Муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясы Исфана шаар мэриясынын фондундагы жерлерин ижарага берүү жөнүндө жана жайыт жерлерин максатуу пайдалануу боюнча маалыматтарын угушту. Комиссия мүчөлөрү тарабынан берилген суроолорго Исфана шаар мэриясынын жер жана жайыттын адистери так жооп бере алышкан жок. Исфана шаар мэриясынын жер адистерине өз милдеттерин так аткарууга тийиштүү көрсөтмөлөр берилди.
5. Айыл чарба багытындагы жерлерди бир категориядан экинчи категорияга (трансформациялоо) которуу боюнча аткарылган иштери боюнча маалыматтары квартал сайын угулду жана сессияларда маалымат берилди.
7. Муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясы “Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жана Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2020-жылдын 6 ай ичинде аткарылган жумуштары жөнүндөгү маалыматтын угушту, берилген отчётту комиссия мүчөлөрү талкуулап, кезектеги сессияга депутаттардын кароосуна жөнөтүлдү.
8. Муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан жыл ичинде шаардык Кеңешке жер маселеси боюнча түшкөн баардык каттар жана жарандардан келген арыздарга өз убагында жооп берилди.
Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык
менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт,
коммуникация жана коммуналдык иштер
боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы: С. Кабылов