БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешкент айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 45-сессиясы
2020-жылдын 23-декабры № 233
“Бешкент айылынын ички көчөсүн асфальттоо” долбоорунун каржылоого акча каражатын болуп берүү жөнүндө
Бешкент айыл өкмөтүнүн “Бешкент айылынын ички көчөсүн асфальттоо” долбоорунун каржылоого Бешкент айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 700000 (жети жүз миң) сом акча каражатын болуп берүү боюнча Бешкент айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-декабрындагы №849 сандуу сунуш катын угуп жана талкуулап Бешкент айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бешкент айыл өкмөтүнүн “Бешкент айылынын ички көчөсүн асфальттоо” долбоорунун каржылоого Бешкент айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 700000 (жети жүз миң) сом акча каражаты болуп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы: | О.Баховотдинов |