Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешкент айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 45-сессиясы
2020-жылдын 23-декабры № 235
Кайрагач айылындагы №9 ҮДТ имаратынын эки бөлмөсүн стоматологыялык каана жана дарыкана ачуу үчүн ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Бешкент айыл өкмөтүнүн Кайрагач айылынын тургуну Аслонов Жахонгирдин Кайрагач айылындагы №9 ҮДТ имаратынын эки бөлмөсүн стоматологыялык каана жана дарыкана ачуу үчүн ижарага берүү боюнча сураныч катын угуп жана талкуулап Бешкент айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бешкент айыл өкмөтүнүн Кайрагач айылынын тургуну Аслонов Жахонгирге Кайрагач айылындагы №9 ҮДТ имаратынын эки бөлмөсүн (аянты 54 м. кв) стоматологыялык каана жана дарыкана ачуу үчүн ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы: | О.Баховотдинов |