Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешкент айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 43-сессиясы
2020-жылдын 22-июну № 225
Бешкент айыл өкмөтүнүн “Карл Маркс” айылыны “Андархам” айылы жана “СССРдын 50 жылдыгы” айылыны “Ылайлы” айылы деген тарыхый аттарын ыйгаруу жөнүндө
Бешкент айыл өкмөтүнүн “Карл Маркс” айылыны “Андархам” айылы жана “СССРдын 50 жылдыгы” айылыны “Ылайлы” айылы деген тарыхый аттарын ыйгарүү боюнча “Карл Маркс” жана “СССРдын 50 жылдыгы” айылдардын тургундарынын 2020-жылдын 19-июнундагы жалпы чогулуштарынын протоколунун негизинде Бешкент айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бешкент айыл өкмөтүнүн “Карл Маркс” айылына “Андархам” айылы деген тарыхый аты берилсин.
2. Бешкент айыл өкмөтүнүн “СССРдын 50 жылдыгы” айылына “Ылайлы” айылы деген тарыхый аты берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык Кеңешинин мамлекет-тик мыйзамдуулук, коомдук тартип жана жарандардын укугун сактоо боюнча турукуу комиссиясына тапшырылсын.
Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы: | О.Баховотдинов |