Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешкент айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 44-сессиясы
2020-жылдын 19-октябры № 228
Бешкент айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылда иштетилбей калган жана кошумча түшкөн акча каражаттарынын эсебинен 1107300 (бир млн. бир жүз жети миң үч жүз) сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысы К.И.Мусаевтин Бешкент айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылда иштетилбей калган жана кошумча түшкөн акча каражаттарынын эсебинен төмөнкү жумуштарды аткаруу үчүн акча каражатын бөлүп берүү тууралуу сунушун угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешкент айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылда иштетилбей калган жана кошумча түшкөн акча каражаттарынын эсебинен 1107300 (бир млн. бир жүз жети миң үч жүз) сом акча каражатын төмөнкү жумуштарды аткаруу үчүн бөлүп берилсин:
1). Айыл өкмөтүнө кеңселы буюмдар алуу үчүн – 88000 (сексен сегиз миң) сом;
2). Айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине Инфодокс системасында иштоо максатында комьпютер сатып алуу үчүн – 200000 (эки жүз миң) сом;
3). Лайлы айылындагы курулуп жаткан спорт зал үчүн – 352000 (үч жүз элүү эки миң) сом.
4). Бешкент айыл аймагындагы мектептерде санитардык-гигеналык тазалыкты сактоо максатында кол жуугуч жана кол жуугучтарды жылуу суу менен камсыз кылууга ысыткыч сатып алуу үчүн – 160000 (бир жүз алтымыш миң) сом.
5). Айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине өзгөчө кырдаал учурунда кошумча иштеген күндөрүнө эмгек акы үчүн – 307300 (үч жүз жети миң үч жүз) сом.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы: | О.Баховотдинов |