БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешкент айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 44-сессиясы
2020-жылдын 19-октябры № 229
Бешкент жайыт комитетинин бюджетине кошумча түшкөн 72000 сом акча каражатын Бешкент жайыт комитетинин бюджетине кошуп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Бешкент жайыт комитети менен биргеликте ЖЧК “НУРтелеком” тарабынан 2017-жылы түзүлгөн келишимдин негизинде Бешкент айыл өкмөтүнүн жайыт жерлерине орнотулган эки мунаралардын ижара акысы 72000 (жетимиш эки миң) сом болгон. Бул сумма Бешкент жайыт комитетинин 2020-жылдын бюджетинин сметасында көрсөтүлбөй калган. Ошол сумманы Бешкент жайыт комитетинин бюджетине кошуп 2020-жылга карата бюджетин 669400 (алты жүз алтымыш тогуз миң төрт жүз) сомго өзгөртүп берүү боюнча Бешкент жайыт комитетинин 2020-жылдын 30-сентябрындагы №4 сандуу сунуш катын угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бешкент жайыт комитетинин бюджетине ЖЧК “НУРтелеком” тарабынан 2020-жылга карата түшкөн 72000 (жетимиш эки миң) сом акча каражатын Бешкент жайыт комите-тинин бюджетине кошуп 2020-жылга карата бюджетин 669400 (алты жүз алтымыш тогуз миң төрт жүз) сомго өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бешкент айылдык Кеңешинин төрагасы: | О.Баховотдинов |