Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы
2021-жылдын 5-февралы № 173
Мамлекеттик токой чарбасынын пайдалануу жана тескөө тартиби, комиссия курамына талапкерди көрсөтүү жана Ак-Суу айыл Өкмөтү менен түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө
Лейлек токой чарбасынын директору Т.Мурзакуловдун токой чарбасын пайдалануу жана ижара акысы боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Лейлек токой чарбасынын директору Т.Мурзакуловдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. 2021-жылдын февраль айынан баштап өзгөртүлгөнгө чейин Лейлек токой чарбасына тийиштүү болгон жерлерден жайыт пайдалануучулар үчүн ири мүйүздүү малга мезгил ичинде(сезонго) 72 сом,музоого 28 сом 80 тыйын.майда малга 36 сом,козуларга 14 сом 40 тыйын,жылкыга 108 сом,кулундарга 43 сом 20 тыйындан ижара акысын төлөө бекитилсин.
3. Кызыл-Бараз(Пистали) участкасына чыгуучу малдарга бир жылга төмөнкүдөй;ири мүйүздүү малга 72 сом,музоого 28 сом 80 тыйын.майда малга 36 сом,козуларга 14 сом 40 тыйын,жылкыга 108 сом,кулундарга 43 сом 20 тыйындан ижара акысын төлөөгө макулдук берилсин.
4. Лейлек токой чарбасынын комиссия курамына Ак-Суу айыл аймагынан Ы.Жумабаев,А.Бобоев мүчө болуп бекитилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Халмуратовго тапшырылсын.
Ак-Суу айылдык кеңешинин Төрагасы: |
А.Саматов |