Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы
2021-жылдын 5-февралы №174
Ак-Суу айыл аймагындагы элдердин жылкыларына чип тагууда веткызматкерлердин эмгек акысын бекитип берүү жөнүндө
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 07-майындагы №256-токтому менен бекитилген КР Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекетик инспекциясынын жобосун жетекчиликке алуу менен Ак-Суу айыл аймагынын ветеринардыкинспектору А.Маматкуловдун Айыл аймагында жылкыларга чип басуу жана веткызматкерлердин эмгек акысын бекитип берүү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Вет.инспектор А.Маматкуловдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2.Веткызматкердин эмгек акы 134 сом өлчөмүндө бекитилсин.(Билдирүү тиркелет).
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн ветинспектору А.Маматкуловго тапшырылсын.
Ак-Суу айылдык кеңешинин Төрагасы: | А.Саматов |
| Айылдык кеңештин башчысы А.Халмуратовго, төрагасы А.Саматовго Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ветинспектору А.Маматкуловдон |
Билдирүү
Кыргыз Республикасынын жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жонүндө мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрынын №694 Жаныбарларды идентификациялоо эрежесин бекитүү жөнүндө токтомун ишке ашыруу максатында,Кыргыз Рспубликасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 07-майындагы №256-токтому менен бекитилген Кыргыз Респубикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жобосун жетекчиликке алып,Ак-Суу айыл аймагындагы элдердин жылкыларына чип тагууну жүргүзүүдө ветеринардык адистердин эмгек акын бекитип берүүңүздөрдү билдиремин.
Чип басуу 2021-жылдын 1-февралынан башталат.
Бир баш жылкыга чиптин наркы: банкка төгүү 166 сом 00 т.
Ветеринардык адистин эмгек акы: 134 сом 00 т.
Жалпысынан бир баш жылкыга чип басуу: 300 сом 00 т.
Билдирүү берген Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн
ветинспектору: А.Маматкулов.