Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы
2021-жылдын 5-февралы №175
“Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн 2020-жылга бюджетинин аткарылышы жана 2021-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө”
Ак-Суу айыл Өкмөтү 2020-жылга коюлган бюджетинин аткарылышы 2021-жылга Кыргыз Республикасынын каржы министри тарабынан берилген контролдук цифра боюнча Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Х.Кушбаковдун жана Айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн 2021-жылга бюджети жана 2021-2023-жылдарга долбоору жөнүндөгү” “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин, Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу жөнүндө”мыйзамдарына ылайык түзүлгөндүгүн белгилейт.
Жогрудагылардын негизинде депутаттардын Ак-Суу айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн 2020-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетине жыл ичиндеги өзгөрүүлөр жана толуктоолор менен жалпы жыл ичинде бюджет 22034,3 миң сом эсебинде киреше жана 19208,0 миң сом чыгашалары 16577,3 № 1,2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинин киреше жана чыгашалары 15218,8 миң сом өлчөмүндө № 3,4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн карамагындагы балдар бакчаларынын, ата-энелер взносунан түшкөн каражаттары айыл өкмөтүнүн атайын каражаттары катары эсептелинсин. киреше жана чыгашалары 818,8 миң сом өлчөмүндө 5-6-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. 2021-жылга Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн бюджетинин чыгашаларынын 146,3 миң сом жетишпестиктерин кошумча каржылап берүү жагы Кыргы Республикасынын каржы министрлигинен суралсын.
5. 2021-жылга республикалык бюджеттен берилүүчү тендештирүүчү гранттын өлчөмдөрү каралып, биринчи кезекте эмгек акы жана социалдык фондко, тамак-ашка жана коммуналдык чыгымдарга чыгымдала тургандыгы белгилинсин, алардын өлчөмдөрү № 7-тиркемеге, жергиликтүү салыктардын нормативдери № 8 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Райондук казына бөлүмү аркылуу Ак-Суу айылдык Кеңешинин аймагынан чогулган салыктар, жыйымдар жана атайын каражаттар Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн эсебине топтоштурулуп,чыгымдалышына жетишилсин.
7. 2021-жылга Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн бюджетинин чыгымдарын каржылоо анын киреше бөлүгүнүн аткарылышына жараша жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин, анын ичинен биринчи кезекте корголуучу статьялар боюнча (эмгек акыларды төлөө,соцфонд чегерүү, коммуналдык кызматтарга жана тамак-аш сатып алууга)
8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн аймагындагы айылдык клубдар, китепканалар, коргонуу,соцкоргоо,билим берүү жана жеңилдиктер Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн бюджетинен каржылансын.
9. 1-январь 2021-жылга бюджеттик каражаттардан калган 5382,3 миң сом акча каражаттарынын сметасы № 9-тиркемеге ылайык бекитилсин.
10. 1-январь 2021-жылга атайын эсептен калган 75,9 миң сомдук акча каражаттарынын сметасы № 10-тиркемеге ылайык бекитилсин.
11. Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн 2020-жылда каржыланбай калган чыгымдары 2021-жылга каралган бюджетинин чегинде каржылансын.
12. Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн бюджетине киргизилген өзгөртүүлөр айылдык кенештин сессиясында жактырылгандан кийин аткарууга алынаары белгиленсин.
13. Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн бюджети боюнча 2021-жылдын 1-январына карата жүргүзүлүүчү кассалык накталай акча 50 миң суммасында белгиленсин.
14. Айыл өкмөтүнүн 2020-жылга каралган бюджети 2021-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилсин.
15 Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн 2021-2022-2023-2024-жылдарга болжолдуу бюджетинин долбору бекитилсин.
16. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлгө алуу депутаттардын Ак-Суу айылдык Кеңешинин бюджет,экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Саматов |