Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы
2021-жылдын 5-февралы №177
“Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн соцадисинин 2020-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө”
Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн соцадиси Н.Баврайимованын 2020 -жыл ичинде аткарган иштери боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн соцадиси Н.Баврайимованын билдирүүсү көңүлгө алынсын.(Билдирүү тиркелет)
2. Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн соцадиси Н.Баврайимованын 2020-жыл ичинде аткарган ишери канааттандырарлык деп белгиленсин.
Ак-Суу айылдык кеңешинин Төрагасы: | А.Саматов |
| «Б Е К И Т Е М И Н» Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн башчысы ________________ А.Халмуратов |
Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн соц.адисинин 2020-жыл ичинде аткарылган иштер боюнча
М А А Л Ы М А Т
Соц.коргоого алынган атуулдарга Ак-Суу айыл Өкмөтү тарабынан берилүүчү женилдиктер беренесине 2020-жылга карата сметада 272000 (эки жүз жетимиш эки миң) сом акча каражаты айыл Өкмөттүн жылдык бюджетинен бөлүнүп берилди.
Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы 20-февралды “Социалдык адилеттүүлүктүн Бүткүл дүйнөлүк күнү” деп жарыялагандыктан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-февралындагы “Социалдык адилеттүүлүктүн дүйнөлүк күнүн өткөрүү жөнүндө” №110- токтомуна ылайык жыл сайын 20-февралдан 20-мартка чейин социалдык адилетүүлүктүн айлыгы өткөрүү белгиленген.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогорудагы белгиленген токтомунун жана Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 24-январындагы № 2/12 буйругунун негизинде Ак-Суу айыл аймагындагы социалдык колдоого муктаж жана калктын аярлуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүү максатында 2020-жылдын 4-февралында № 8 буйругу чыгып, иш-чаралар планы түзүлүп аткарууга алуу боюнча тийиштүү мекеме уюмдардын жетекчилерине милдеттендирилди.
Айыл Өкмөт аймагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген, турмуш шарты оорүй-бүлөлөргө, жана жалгыз бой карыяларга көмөк көрсөтүү максатында Ак-Суу жалпы билимберүүчү мектеби менен биргеликте Абдирахманова Назакат балачагынан майып, баскандан кыйналгандыктан Кызыл жарым ай коому тарабынан хадонок алып берилди.
1-2- топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, тоголок жетим, турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө жалпы 31 үй-бүлөгө “Нур” жоопкерчилиги чектелген көмүр өндүрүүчү коому тарабынан 10000 тонна көмүрдөн жардам берилди.
Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн аймагында 2020-жылдын 14-февралында Советтик Армиянын Афганистандан чыккандыгынын 31-жылдык майрамына карата Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын 2020-жыл 7-февралындагы №2/25 буйругун аткаруу максатында Ооган согушунун ардагерлерин колдоо максатында ар бирине 2000 (эки мин) сомдон, жалпы 4000 (төрт мин ) сом акча каражаты айыл Өкмөттүн жеңилдиктер беренесинен бөлүнүп берилди.
Кыргыз республикасынын аймагында, анын ичинде Ак-Суу айыл Өкмөтү аймагында да короновирус илдетинин жайылып кетпөөсүнүн алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 1 айлык мөөнөткө өзгөчө кырдаал жарыяланган жарлыгы боюнча өткөрүлүүчү иш-чаралар жана майрамдар токтотулгандыгына байланыштуу 8-март аялдардын Эл аралык майрамы өткөрүлбөй калды. Бирок айыл Өкмөт аймагындагы жеке ишкерлер тарабынан жалгыз бой энелерге 2800 сомдук майрамдык белектер берилди.
Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн аймагында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик Согуштун Жеңишинин 75 жылдык майрамына карата 5 оорук ардагерлерине айыл Өкмөттүн жеңилдиктер беренесинен 3000(үч миң) сомдон, жалпы 15000(он беш миң) сом акча каражаты өздук эсебине которулуп берилди.
Ак-Суу айыл Өкмөт аймагында 2020-жылдын 15-сентябрынан 15-октябрына чейин жарыяланган карыялар күнүнүн бир айлыгынын алкагында 80 жаштан өткөн 70 карыяга 37000 сомдук белектер даярдалып үйлөрүнө алып барып тапшырылды.
2020-жылдын 20-ноябырындагы №2/225 буйругунда аткарууга алуу менен, Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн аймагында 3-декабрь Эл аралык майыптар күнүн алкагында 2020-жылдын 20-ноябрынан 20-декабрына чейин жарыяланган бир айлыгын уюшкандыкта өткөрүү үчүн айыл Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-ноябрында № 110 буйругу чыкты. Буйруктун негизинде түзүлгөн комиссия курамы айыл айыл Өкмөт аймагында жашаган айыл Өкмөтүндө майыптыгы боюнча каттоодо турган 1-топтогу 14 жарандарга жана Кыргыз Республикасынын Прездентинин 2020-жылдын 8-январындагы “2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндөгү” №1 жарлыгынын негизинде даректүү жардам берүүнү 18 жашка чейинки майыптыгы боюнча катталган 66 балдарга колдоо көрсөтүүнү колго алып, айыл Өкмөт тарабынан жалпы майыптыгы боюнча катталган 80 жаранга 28000 сомдук майрамдык белектер таркатылды.
Жеке демөөрчүлөр тарабынан бир үйдө экиден майыптыгы бар 3 үй-бүлөгө 500 сомдон, 1500 сомдук майрамдык белектер, ал эми Ак-Суу чек ара заставасы тарабынан майыптыгы бар 2 жаранга майрамдык белектер беилди.
Айыл Өкмөттүн жеңилдиктер беренесинен Өкмөт аймагындагы тургундардын жардам сурап жазган арыздырынын негизинде Суу-Башы айылынын тургуну Гулсунай Рысрванын жолдошу Өмурбек Сыдыковго 50000сом , Кабылова Анипага сессиянын чечими менен 17700 сом жана 103700 сом жалпы айыл Өкмөтүнүн жеңилдиктер беренесинен 27213100 бөлүнгөн 272000 сом акча каражаты жумшалды.
Учурда дүйнө көйгөйү болуп жаткан жугуштуу ооруу Кытай Эл Республикасынын Ухань шаарында белгисиз өпкөнү сезгентүүчү короно вирус тумоосу катталган. Короновирус инфекциясынын аймагыбызга кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө максатында айыл Өкмөттүн буйругу чыгып, штаб түзүлгөн.
Лейлек райондук администрациясынын 2020-жылдын 30-мартындагы чыгыш №05/708 сандуу катынын негизинде жана кырдаалга байланыштуу Ак-Суу айыл аймагындагы жардамга муктаж жарандарды аныктоо максатында 2020-жылдын 7-апрелинде Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн № 34 буругу чыгып, комиссия курамы бекитилген.
Жардамга муктаж жарандардын кайрылуусу менен түзүлгөн комиссия курамында каралып И.Матраимов” фондунан 43, Исмаил Жороев 35, Абдулла Убайдуллаев 10, Мат.резерв 232, “МБулак”микри кридиттик компаниясынан 5, Мат.резерв 64, КР Баткен обл. өкүлү А.О.Абдурахмановдун рез.ф 5, ОсОО “Нур-Телеком” м/к 9, Шадиевтердин үй-бүлөсү тарабынан 40, Б.Бекмуратовдун рез.ф 6, Б.Бекмуратов а/т 2, “Элим барсынбы Ош” 12, Хьюмен Эппиэл Инт 29, Катар Хайрия к/ф 39, Мат.резерв 43, Кызыл жарым ай коому 3, Өзбекстан Республикасынан 50 жарандарга жардам көрсөтүлдү. Келеген жардамдар ун, май жана жашоо тиричилике керектүү ар түрдүү азыктүлүк берилип калкка колдоо көрсөтүдү.
Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн соц.адиси: | Н.Баврайимова |