Загрузка документа…
АК СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы
2021-жылдын 5-февралы №178
“Ак-Суу айыл аймагындагы элдерди тейлөө багытындагы №11 ҮБДТ, № 29 ҮБДТ, жана аймактык оорукананын Ак-Суу бөлүмүнүн аткарып жаткан иштери жөнүндө”
Ак-Суу айыл аймагындагы элдерди тейлөө багытындагы №11 ҮБДТ, № 29 ҮБДТ жана аймактык оорукананын Ак-Суу бөлүмүнүн башчылары И.Сангинов,Ж.Кадыров,Д.Боркашовалардын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ак-Суу айыл аймагындагы элдерди тейлөө багытындагы №11 ҮБДТ, № 29 ҮБДТ, жана аймактык оорукананын Ак-Суу бөлүмүнүн башчылары И.Сангинов,Ж.Кадыров,Д.Боркошовалардын билдирүүсү көңүлгө алынсын.(Билдирүү тиркелет).
2. Ак-Суу айыл аймагындагы элдерди тейлөө багытындагы №11 ҮБДТ, № 29 ҮБДТ, жана аймактык оорукананын Ак-Суу бөлүмүнүн башчылары И.Сангинов,Ж.Кадыров,Д.Боркошовалардын 2020-жыл ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.
Ак-Суу айылдык кеңешинин Төрагасы: | А.Саматов |
2020-жылга карата Ак-Суу айылындагы №11 ҮДТ да аткарылган
иштер жөнүндө маалымат.
Ак-Суу айыл өкмөтүнө араштуу №11 ҮДТда: 1 ҮДТ жана 2 ФАП жайгашкан.№11 ҮДТ да 1 дарыгер,5 мээрбан,2 фельдшер жана 3 техникалык кызматкер эмгектенип келе жатат.
Штаттар боюнча:1 дарыгер,1,5 ставка,5 мээрбанга 4,5 ставка,2 фельдшер 0,75 ставка жана 3 техникалык кызматкер 2,5 ставкада иштейт.
Жалпы элдин саны 4640 (приписка болгону-3908 адам,анын ичинен камсыздалганы -2869.Жалпы төрөт-103 анын ичинен 101 тирүү,2 төрөт бөлүмүндө каза кылган.Жалпы өлүм 22 анын ичинен:1 вирустук пневмания жана 1 оору COVID-19 оорусунан каза кылган.
2021-жылдын март айынан 2021-жылдын 25 декабрына чейин 35 адам COVID-19 оорусу менен 32 адам вирустук пневмания оорусу менен ооруган.Ал эми 26 ооруу мурдагы Эгемендүүлүк орто мектебинин базасындагы стационарда дарыланды.Пневмания оорусунан 1 оору жана COVID-19 оорусунан 1 адам каза кылган.
Мониторинг оорулар боюнча:Гипертония оорусу-75,Ашказан асты жарасы 5,Бронхиалдык астма 5,Аз кандуулук 104,ОРИ 21,ОКИ (Диарея) 20 анын ичинен 19 оору 5 жашка чейинки балдар.ХОЗЛ 14,Пневмания 23 анын ичинен 21 беш жашка чейинки балдар.КБС оорусу менен 11 катталган.Диспансердик оорулар боюнча:Туберкулёз оорусу менен 6 оору,Бруцеллёз менен 3 оору,Сары оорусу менен 3 оору,онкологиялык оорулар менен 6 оору.Нерф оорулары менен 37 оору (Анын ичинен эпилепсия оорусу менен 7 оору катталган).Көз оорусу менен 7,Дем алуу органдары менен 51,тамак сиңирүү органдарынын оорусу менен 22 ,тери оорулары менен 38,ревматизм оорусу менен 22,жыныстык заара системасынын оорусу менен 51,төрөттөн кийинки осложнение менен 3,тубаса аномаля менен 4,травма менен 23 оору катталган.
Кош бойлуу аялдар боюнча: 163 аял учётко алынган,99 кош бойлуу аял төрөгөн,9 аялга аборт жасалган.Кош бойлуу аялдардын ичинен 10 бөйрөк оорусу,59 зоб оорусу менен,71 аз кандуулук оорусу,2 варикоз оорусу менен кош бойлуулук учурунда ооруган.
Үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча :ВМС-51.КОК-3,презериватив 23 жарандар колдонгон.Кошумча пакет боюнча жазылган рецептер-1669,мамлекеттик кепилдик программасы боюнча 68 рецепт жазылган.
Ооруларга биринчи жардам көрсөтүү максатында берилген дары-дармектер боюнча:Ак-Суу айылындагы №11 ҮДТ да 54 түрдөгу дары-дармектер жалпы суммасы 20637,77 тыйын
Кара-Камар ФАП да 34 түрдөгү дары-дармектер,жалпы суммасы 10,060 сом Жезкен ФАП да 30 түрдөгү дары-дармектер,жалпы суммасы 13305,87 тыйындык дарылар берилген.
Лабораториялык алынган анализдер боюнча:Жалпы 2113 адамдан анализ алынган.
ВИЧ оорусуна каршы -127 адамдан анализ алынган.
Ит капкандардын саны:Бардыгы 16,анын ичинен 8 вакцина жасалган.
Тез жардам автоунаасы боюнча: Жалпы жасалган чакыруучулар 48.Анын ичинен Ош шаарына 1,Лейлек Аймактык ооруканасына 38,Кайрагач постуна 2.Лейлек посстуна 2.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ичинде 5 чакыруулар жасалган.
Эмдөө боюнча:2020-жыл ичинде №11 ҮДТ да ВГВ,ПЕНТА,ПКВ,ОПВ,ИПВ,КПВ,АДС,АДС-М вакциналары жасалган,Бул планга салыштырмалуу 98% түзөт.
2020-жыл COVID оорусуна каршы Ак-Суу айылынын жарандарынын атынан :1 кислороддук консентратор,4 даана диван матросу менен,2 даана тонометр аппараты,1 даана пульсоксиметр,
1 даана тепловизор жана башка кожолук буюмдары алып берилди.
Маалыматты даярдаган:___________
№11 ҮДТ клиникалык жетекчиси врач Ж.Кадыров.