Загрузка документа…
АК СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы
2021-жылдын 5-февралы №181
“ЖПБ нин 2020-жылда аткарган иштери боюнча маалыматы, 2021-жылга карата бюджеттик планын жана тарифин бекитүү жөнүндө”
Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн ЖПБ нин 2020-жылда аткарган иштери боюнча маалыматын жана 2021-жылга карата бюджеттик планын, тарифин бекитүү боюнча ЖПБнин төрагасы Ы.Жумабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Ы.Жумабаевдин билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. ЖПБ нин 2020-жылда аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.(билдирүү тиркелет).
3. Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн башчысы А.Халмуратов менен Ы.Жумабаевдин ортосунда түзүлгөн 573300(беш жүз жетимиш үч миң үч жүз ) сомдук келишими жактырылсын.Анын ичинен жайыт акыдан түшүүчү 264000 (эки жүз алтымыш төрт миң)сомдун 3/1 бөлүгү 88000 (сексен сегиз миң) сом айыл өкмөтүнүн эсебинде калтырылсын.Калган 176000 (жүз жетимиш алты миң) сом жана Жер салыгынан түшкөн 63300(алтымыш үч миң үч жүз) сом акча каражатын Жайыт комитетинин эсебине которулуп берилсин.
4. Башка максаттардан:техникадан 150 (жүз элүү миң) сом,ОО Нур телекомдон 96000(токсон алты миң) сом,жалпы 246000 (эки жүз кырк алты миң) сом акча каражаты толугу менен Ак-Суу айыл өкмөтүнүн эсебине кириштелип,кайрадан Жайыт комитеттинин эсебине(жалпы 485300 сом) төрт жүз сексен беш миң үч жүз сом которуп берүүгө макулдук берилсин.
5. Ак-Суу айыл өкмөтүнө караштуу жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жылдык планы жана тарифи тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Токтомдун аткарылышын камсыздоо ЖПБнин төрагасы Ы.Жумабаевге, көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы А.Халмуратовго тапшырылсын.
Ак-Суу айылдык кеңешинин Төрагасы: | А.Саматов |
“Бекитемин” “Макулмун”
Ак-Суу ЖПБнын торагасы Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн башчысы
__________Ы.Жумабаев ______________А.Халмуратов
“____”___________2021-жыл “____”_____________2021-жыл.
Ак-Суу айыл Өкмөтүнө караштуу Ак-Суу жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга карата кирешелер жана чыгымдарды бөлүштүрүү сметасы.
1.И.М.М-3070 х 50 =153500
2.М.М.М-7660 х 20 =153200
3.Жылкылар-103 х 200 = 20600
Бардыгы:327300 сом
ИММ 1123,МММ 2717,Жылкылар 151 баш козу.Торпок,жумушчу аттар болуп жайыттан пайдаланбагандыгы үчүн жайытакы алынбайт.
СМЕТАСЫ
№ | Киреше бөлүгү | Сумма | |
1 | Жайыттардан өндүрүлгөн | 264000 | |
2 | Жер салыгы | 63300 | |
3 | Аренда акы ОО ! “Нур телеком” | 96000 | |
4 | Трактор | 150 000 | |
Бардыгы: | 573300 | ||
Чыгаша бөлүгү | |||
1 | Жер салыгы | 63300 | |
2 | Соц.Фонд 17,25% | 28980 | |
3 | Эмгек акы | 168000 | |
4 | Концтовар | 10 000 | |
5 | Транспорттук чыгым | 21000 | |
6 | Инфраструктураны жакшыртуу | 104720 | |
7 | Командировкалык чыгымдар | 10000 | |
8 | Башка күнүмдүк чыгымдар | 20000 | |
9 | Мониторинг | 5000 | |
10 | Күйүүчү май | 21600 | |
11 | Ак-Суу айыл Өкмөтүнө 3\1 | 88000 | |
12 | Инспекторлордун эмгек акы | 32700 | |
|
|
| |
Бардыгы: | 573300 | ||
| Штаттык жадыбыл | Эмгек акы | Жалпы эмгек акы |
| Төрага | 8000 | 96000 |
| Эсепчи | 6000 | 72000 |
Бардыгы: |
| 168 000 | |
Ак-Суу ЖЛБнын төрагасы: Ы.Жумабаев.
Ак-Суу ЖПБнын эсепчиси: Ш.Анарбаев.