Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы
2021-жылдын 5-февралы №183
“Өмүр суу” СПА нын жылдык планын жана тарифин бекитүү жөнүндө”
“Өмүр суу” СПА нын жылдык планын жана тарифин бекитүү жөнүндө Өмүр Суу СПасынын башчысы А.Саматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Өмүр суу” СПА нын башчысы А.Саматовдун берген билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. “Өмүр суу” СПА нын 2020-жылда аткарган иштери канааттандырарлык деп белгиленсин. (билдирүү тиркелет)
3. КБФнун 120 га жана элдердин үлүш жерлеринин тарифи 12 сомдон бекитилсин.
4. “Өмүр Суу” СПА на жаңы келген МТЗ 82-1 экскватор тракторунун насыясын төлөө үчүн Ак-Суу айыл өкмөтүнүн салымы катары КБФнун 120 га суулуу жерине 3 (үч) сомдон жалпы 36000 (отуз алты миң) сом акча каражатын чегерүүгө макулдук берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнүн КЭБнүн башчысы Х.Кушбаковго, көзөмөл кылуу айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Суу айылдык кеңешинин Төрагасы: | А.Саматов |
Өмүр Суу СПАнын 2020-жылдын 31-декабрына карата аткарган иштери жөнүндө маалыматы
Өмүр Суу СПАсы 2020-жылдын 18-мартынан айынан жумушун улантты.
Ак-Суу айыл өкмөтүндө жашаган элдердин үлүш жерлерин,тамаркаларын жана Айыл өкмөтүнүн КБФнын жерлерин сугат суу менен камсыздап турду. Быйылкы жамгыр көп жааганына байланыштуу арыктарды кум,шагыл басып,эки жолу иш болду.Кызыл-Бараз участкасы,Үлүз участкасын,Кара-Камар участкасын жана Жескен,Суу-Башы чоң арыкты жана Ак-Суу дарыясы жылдан-жылга жай мезгилинде көбөйүп,головнойлордун башын АВПнын МТЗ-80 маркасындагы трактору 2-3 жолу баып,сууну байлап турду.2020-жыл АВП “Өмүр-Суу” ишканасы пандемияга карабастан эки проект ишке ашып Кызыл-Бараз участогуна жаңы бетон-канал курулду.255 метр аралыктагы зоо-ташты кесип өттү.ПРООН уюму тарабынан жана Россия федерациясынын каржылоосу менен курулду.
ПРООН уюму тарабынан 1 млн.309 миң сом каралган.
Ал эми Айыл өкмөтүнүн салымы 216 мин сом болгон жана ПРООН Айыл Өкмөттүн эсебине акчаны чегери берип,Айыл өкмөт тендерге берген.ПРООН өзү көзөмөлдөп 1-транш бүткондөн кийин Айыл өкмөту өзүнүн салымы 216 минди өзүнчө 2-транш кылып тендерге берген.Аныда ПРООН өзү көзөмөлдөптурган.
АВП “Өмүр-Суу” ишканасынан өздүк салымыбыз 55 миң сом болгон.
АВП “Өмүр-Суу”ишканасы бетон-канал баштаган жерден жогору жагын 800 метр жерин Жайыт комитетинин Фронтальный погрузчик трактору менен тегиздеп,АВПнын МТЗ-80 маркасындагы экскватору менен каздырып сууну бетон-каналга буруп бердик жана шагылды 2 траншка жүктөп берип турдук.Жалпы Кыыл-Бараз бетон-каналына кеткен чыгым 1млн.580 миң сомдук.Бетон-канал дыйкандар үчүн жана КБФнын түшүмдүүлүгүн ашыруу үчүн курулду.
Элдин салымы бетон-каналды курууга чейин планировкага иштешке биз Ак-Суу айылынан эки адамды жумушка алып иштеттик.Иштегендерге БУУнун азык-түлүк программасынан 66 мешок ун ,ар бирине 30 литрден май 330литр Х 120=390600 сом.66 мешок Х1800=118800 сомдук ун жалпы суммасы 158400 сомдук азык-түлүк таратып берилди.Бул да болсоАк-Суу элине келген инвестиция деп эсептелинет.
ПРООН уюму тарабынан тамчылатып суугаруу Сууну үнөмдөө жана Ак-Суу айыл Өкмөтүнөн 12 адам проектке кирген багбандар.Жайыт жерин жана Айыл өкмөттүн жерлерин көп жылдык бак-дарак эгүүүчүн багбандарга керектүү шаймандарды бекер алып келип установка кылып берди.12 адам 10280 доллар(822400 сомдук) шаймандарды берип үч күнгө областыбыздын борбору Бваткен шаарына семинарга алып барып,окутуп иш жүзүндө да корсөтүп,жол акы,үч маал тамак,жатакана ПРООН тараптан,Россия Федерациясы тарбынан каржыланды.
Ал эми 2-проектибиз Аравлды-1 Суу тосмосу (Чеш-Төбо) эл аралык ЮСАИД уюуму тарабынан 475 мин сомдук обьекти өздөру келип куруп пректи тендерге берип өздөру бүтүрүп 3-май күнү тапшырып кетишти.Калган обьекти эл ашар жолку менен шагыл сүрүп,дарак отургузуп,тосмону тостук.Ак-Суу дарыясы көбөйгөн мезгилде бетон кулап калбаш үчүн Суу талдар эгилди.Жалпысынан АВП 2Өмүр-Суу” ишканасы жана Ак-Суу айыл элдерине ПРООН тарабынан жана Эл аралык ЮСАИД уюму тарабынан Ак-Суу дыйкандарына 3035800 сомдук инвестиция келген.
2020-жылы АВП “Өмүр-Суу” ишканасынын бир жылдык отчёту 18-марттан 31-декабрга чейин жалпы А/Өкмөттөн түшкөн акча каражаты 279614 сом.Анын ичинде А/Өкмөттөн тех кредитке 3 сомдон 120 га КБФнын жерине 36000 сом чегерилгеен.2020-жылы 18-марттан Үлүз-1,Үлүз-2 арыктарын:Айыл өкмөттун бюджетинен 100 000 сом каралган.Тендерден АВП “Өмүр-Суу” ишканасы 99500 утуп,Үлүздун арыктарын ондоп-түзоп,арык казып сугат суу чыгардык.120 га жерине А/Өкмөтү КБФнын жерине тендерге берген 143000 сомго АВП “Өмүр-Суу” уткан.
А/Өкмөт АВПга 143000 сом чегерип берген.Жалпы Ак-Суу айыл өкмөтүндө жашаган элдердин үлүшү,тамаркасынан жана тех кредитке он акча 526000 сом.Жалпы 805614 сом.
1.Соцфонд 52500 сом
2.Под.налог 12500 сом
3.Бензин 19950 сом 570 л.
4.Диз.Масло 200 л.20 000 сом.
5.Зарплата 10500 сом
6.Вертанка 13350 сом
7.Диз.топливо 230700 сом. 6360 л.
8.Кредит.тех. 138000 сом.
9.Прочий расход 74000 сом
10.Остатка акча банкта 60014 сом.
Бүгүнкү күндө тех кредит,суунун кызмат акысына элде төлөнбөй турган акча 111000 чом турат.
1.Алга жана Жеңиш айылдарында 15000 сом
2.Суу-Башы айылында 5000 сом.
3.Ак-Суу айылында 91000 сом.
2021-жылга карата АВП “Өмур-Суу “нун иш
П Л А Н Ы
1.Эски экскватордун арткы оборудованиеси иштен чыкканнына байланыштуу экскватордун арткы жагын алып таштап,жер айдап,соко сүйрөөчу кылып,шалы эгүүгө чейин даярдап жана кошумч каражат АВП га алып кеүү үчүн.
2.Өз учурунда арыктарды ашар жолу менен тазалоо,технка иштей турган жерлерди техника менен тазалоо.
3.Проектерди тартуу менен Алга,Жеңиш айылдарынын чоң арыктарын Шайнаксай жана Алга айылы Суу тосмосун проектке киргизүү жана Чеш-Төбөнүн тосмосундай кылып,кум басса дарбазадан ачып кете тургандай кылып жасоо.
4.Үлүз-1 арыгын жана Кызыл-Бараз эски тосмосун да сактап калуу үчүн проектке киргизүү.
5.Алга менен Жеңиш айылынын ортосундагы латок бүткөн,забур башталган жердн арыгын казып,жолду оңдоо жана элдер менен чогулуп,сынган латокторду жана өзүнчө латокту тешип,суу алан жерлерди жабып,оңдоо иштерин жүргүзүү.
“Өмур-Суу СПА нын директору: А.Саматов.