Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы
2021-жылдын 5-февралы №184
”Ак-Суу-Суу” ИСКАКБ нын 2021-жылга тарифин жана штаттык жадыбалын бекитүү жөнүндө”
КРнын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү админстрациялар жөнүндө” 2008-жылдын 29-майындагы №99 мыйзамынын 18-27-беренелерин, КРнын“Ичүүчү суу жөнүндөгү” мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу 2009-жылдын 20-июлундагы № 240 Мыйзамынын 21-статьясынын 2-бөлүгүн, КРнын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 17-июлундагы № 445 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик башкаруу чарбакер субьектердин товарларына (жумуштарына, көрсөтүүчү кызматтарына) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндөгү жобону” жана “Ак-Суу-Суу ИСКАКБсынын сунушун, ал сунуш Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча Баткен аймактык бөлүмү тарабынан макулдашылгандыгын алып” Ак-Суу-Суу” ИСКАКБ нын башчысы А.Гафировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу-Суу ИСКАКБнын башчысы А.Гафировдун билдирүүсүн көңүлгө алынсын.(Билдирүү тиркелет).
2. Ак Суу Суу ИСКАКБсынын ичүүчү сууну керектелүүчүлөрүнө бир айына 1 м. куб сууга 6,67 х 1,20 = 8 сомдон бекитилсин.
3.Үйүнүн ичине киргизгендерге айына 150 сомдон жана үйүнө таза ичүүчу сууну киргизүү үчүн 6000 сом, ал эми көчөдөн ичкендерге жан башына 8 сомдон болуп бекитилсин.
4. Мекеме уюмдарга келишимдин негизинде мектеп жана бала бакчаларга 5 сомдон ар бир окуучуга белгиленсин
5. Токтом аткарылышын камсыздоо жана суу керектелүүчүлөргө кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү Ак-Суу-Суу ИСКАКБнын башчысы А.Гафировго жүктөлсүн.
Ак-Суу айылдык кеңешинин Төрагасы: | А.Саматов |
Ак-Суу ИСКАКБнын 2021-жылга аткарыла турган План бюджет
№ | Кожолук жана мекеме уюмдардын аталышы | Кожолук | Суу ичүүчүлөр саны | Тариф 2021-ж.(сом) Көчөдөн Үйдөн | Үйүнө кран киргизгендер | План 2021-ж. Көчөдөн Үйдөн | Бардык план бюджет(сом) | Бир айга план(сом) | ||
1 | Суу-Башы | 95 | 230 | 8 | 150 | 16 | 14160 | 28800 | 42960 | 3580 |
2 | Ак-Суу | 701 | 2200 | 8 | 150 | 190 | 132680 | 342000 | 474680 | 39556 |
3 | Жеңиш | 340 | 1350 | 8 | 150 | 10 | 120560 | 18000 | 138560 | 11546 |
4 | Алга | 285 | 1150 | 8 | 150 | 7 | 105200 | 12600 | 117800 | 9816 |
5 | Ак-Суу а/аймагы | келишим |
|
|
|
|
|
| 26000 |
|
6 | Лейлек ҮБДТ | келишим |
|
|
|
|
|
| 20000 |
|
7 | Аскердик бөлүк | келишим |
|
|
|
|
|
| 25000 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 845000 сом |
|
Ак-Суу Суу ИСКАКБнын төрагасы: А.Гапиров.