Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы
2021-жылдын 5-февралы №186
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылга Социалдык өнүгүүсүнүн индикативдик планынын аткарылышы жана 2021-жылга индикативдик планын бекитүү жөнүндө
Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн статисти Ж.Касымовдун Ак-Суу айыл өкмөтүнүн
2020-жылга Социалдык өнүгүүсүнүн индикативдик планынын аткарылышы жана
2021-жылга индикативдик планын бекитүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап,Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI чакырылыш кезектеги 24-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн статисти Ж.Касымовдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылга Социалдык өнүгүүсүнүн индикативдик планынын аткарылышы канааттандырарлык деп белгиленсин.
3. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2021-жылга индикативдик планын бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Халмуратовго тапшырылсын
Ак-Суу айылдык кеңешинин Төрагасы: | А.Саматов |