Загрузка документа…
АК СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы
2021-жылдын 5-февралы №187
Жезкен айылына күнөскана курууга өкмөттүн салымы катары 200 000 (эки жүз миң) сом бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө
Корея Эл Республикасынын КОЙКА уюму менен биргеликте түзүлгөн “Жезкен айылы” коомдук фондунун өкүлү А.Шамшиевдин берген билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI чакырылыш кезектеги 24-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Корея Эл Республикасынын КОЙКА уюму менен биргеликте түзүлгөн “Жезкен айылы” коомдук фондунун өкүлү А.Шамшиевдин билдирүүсү көңүлгө алынсын.(билдирүү тиркелет)
2.Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн Жезкен айылына курулуучу күнөсканага айыл өкүмөтүнүн өздүк салымы катары 200 000(эки жүз миң) сом өлчөмүндө акча каражатын өкмөттүн бюджетинен бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо жана көзөмөлдөө бюджет боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Ак-Суу айылдык кеңешинин Төрагасы: | А.Саматов |
Ак-Сууайыл Өкмөтүнүн
башчысы А.Халмуратовго
“Жезкен айылы” коомдук фондунун
Айыл Өкмөтүндөгү өкүлү
А.Шамшиевден
Билдирүү:
Ак-Суу айыдык Кеңешинин кезектеги сессиясында 2021-жылга карата Корея Эл Республикасынын КОЙКА уюму менен биргеликте түзүлгөн “Жезкен айылы” коомдук фонду куруп жаткан күнөсканага айыл Өкмөтүнүнүн салымы катары
200,0 (Эки жүз мин) сом бөлүп берүүңүздөрдү сураймын.
“Жезкен айылы” КФ айыл
Өкмөтүндөгү өкүлү: А.Шамшиев.