Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы
2021-жылдын 5-февралы №190
Оор жумуштар жана зыяндуу же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө
КРнын Өкмөтүнүн 27.04.2015-жыл №285-токтому менен бекитилген “Оор жумуштар жана зыяндуу,же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө” Жобонун, Эмгек Кодксинин 164 жана №224-беренелерине ошондой эл,Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн 22-декабрь 2020-жыл 287 “Жумуш орундарын аттестациялоо боюнча кызматкерлеринин эмгек шарттарынын зыяндуулугуна крата кошуча компенсация төлөөнү аныктоо үчүн комиссия түзүү жөнүндө” буйругуна ылайык,Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн кызматкерлеринин айлык акысына кошумча акча каражат төлөө боюнча айыл Өкмөтүнүн башчысы А.Халмуратовдун кайрылуусун карап жана талкуулап,Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI чакырылыш кезектеги 24-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн башчысы А.Халмуратовдун кайрылуусу көңүлгө алынсын.(кайрылуу каты тиркелет)
2. Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн кызматкерлерине кошумча төлөм 2021-жылдын 1-январынан баштап комиссиянын корутундусунун негизинде төлөнүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомду Финансы министрлигинин Лейлек райондук башкармалыгына сунуштоо Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн ФЭБ нүн башчысы Х.Кушбаковго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Суу айылдык кеңешинин Төрагасы: | А.Саматов |
Чыгыш № 19 “04” 02 . 2021-ж
Ак-Суу айыл аймагынын
айылдык кеңешине
Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 224 беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27.04.2015-жыл №258 токтому менен бекитилген “Оор жумуштар жана зыяндуу же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө” Жобонун негизинде 2021-жылга карата штаттык бирдикке өзгөртүү киргизип берүүңүздөрдү суранам.
Башчы: А.Халмуратов.