АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы
2021-жылдын 5-февралы №192
Кезексиз жер участкасын алуучулардын социалдык абалын карап чыгуу үчүн комиссия курамын түзүү жөнүндө (Ар түрдүү маселе боюнча)
Ак-Суу айыл аймагынын жашоочуларынан түшкөн арыздардын негизинде Ак-Суу айылдык Кеңешинин төрагасы А.Саматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI чакырылыш кезектеги 24-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ак-Суу айылдык Кеңешинин төрагасы А.Саматовдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2.А к-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Жеңиш айылынын жашоочулары:
Мурзабеков А,Бабаев.Ш,Маматкулова.К.
Алга айылынын жашоочулары Юлдашев К,Момирова Н жана Ак-Суу айылынын жашоочусу С.Рахманбердиевдерге кезексиз турак-жай курууга жер участогун бөлүп берүү үчүн аталган үй бүлөлөрдүн социалдык абалын карап чыгуу максатында төмөнкүдөй курамда:
1.Пирматов.Ш. - (Комиссия төрагасы.Айылдык Кеңештин депутаты)
2.Бабаев.А. (Мүчөсү.Ак-Суу а/Ө жер боюнча башкы адис)
3.Баврайимова.Н. (Мүчөсү.Ак-Суу а/Ө Соцадиси)
4.Акматов.Ж. (Мүчөсү Айылдык Кеңештин депутаты)
5.Казакбаев.К. (Мүчөсү Айылдык Кеңештин депутаты) комиссия түзүлсүн.
3. Комиссия мүчөлөрүнө аталган жарандардын социалдык абалын так,адилеттүү карап чыгуу жагы милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн жер боюнча туруктуу комиссиясына жана Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси А.Бабаевге тапшырылсын.
Ак-Суу айылдык кеңешинин Төрагасы: | А.Саматов |