Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы
2021-жылдын 5-февралы №193
Курулуш”орто мектебинин кароолканасын,кампасын куруу үчүн курулуш материалдарын алууга жана Грек-Рим күрөшү боюнча СССРдин спорт чебери О.Тилековдун спорттук турнирин өткөрүүгө акча каражатын бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө. (Ар түрдүү маселе негизинде)
Ак-Суу айыл өкмөтүнө караштуу“Курулуш” орто мектебинин жетекчилигинен жана элдерден түшкөн арыздардын негизинде Ак-Суу айылдык Кеңешинин төрагасы А.Саматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI чакырылыш кезектеги 24-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ак-Суу айылдык Кеңешинин төрагасы А.Саматовдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. ”Курулуш” орто мектебине кароолкана жана кампа куруу үчүн курулуш материалдарын сатып алууга Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн бюджетинен 200 000(эки жүз миң) сом акча каражатын бөлүүгө макулдук берилсин.
3. Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн Суу-Башы айылынын жашоочусу Грек-Рим күрөшү боюнча СССР спортунун чебери О.Тилековдун турнирин өткөрүү үчүн Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн бюджетинен 50 000(элүү миң) сом акча каражатын бөлүүгө макулдук берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн ФЭБ нүн башчысы Х.Кушбаковго тапшырылсын.
Ак-Суу айылдык кеңешинин Төрагасы: | А.Саматов |