Загрузка документа…
АК СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз 23-сессиясы
2020-жылдын 16-декабры №172
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жарандардан түшкөн ар түрдүү арыздарды кароо жөнүндө
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашоочулардан түшкөн ар түрдүү арыздарды анын ичинде пайдаланууга жараксыз,таштак жерден бак кылуу боюнча арыздарын кароо менен жер боюнча башкы адис А.Бабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысына жана айылдык Кеңештин төрагасына айыл аймагындагы жашоочулардан,таштак,пайдаланууга жараксыз жерди бак кылуу боюнча түшкөн арыздары канааттандырылсын.
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жарандарына таштак,пайдаланылбай жаткан жайыт жерлерди 3(үч) жыл ичинде бак кылууга макулдук берилсин.
3. Бак кылуу үчүн тийиштүү документтерди даярдоо жеке жарандарга (арыз ээлерине) жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жер боюнча башкы адис А.Бабаевге жана көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Ак-Суу айылдык кеңешинин Төрагасы: | А.Саматов |