Загрузка документа…
АК СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз 23-сессиясы
2020-жылдын 16-декабры №171
“ Беккари чуңкурун Ак-Суу айыл өкмөтүнүн балансасына кабыл алып,пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө”
Ак-Суу ЖПБ нын төрагасы Ы.Жумабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-уу айыл аймагынын Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 23-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Ак-Суу ЖПБ нын төрагасы Ы.Жумабаевдин билдирүүсү көңүлгө алынсын (Билдирүү тиркелет).
2.Ак-Суу айыл аймагынын Ак-Суу (Каптархана кичи участкасында) жана Жеңиш айылдарындагы (Катта нова кичи участкасында) Ак-Суу ЖПБ АРИС уюуму менен биргеликте курган Беккари чуңкурунун курулуш иштери бүткөндүктөн,Ак-Суу айыл өкмөтүнүн балансасына алынып,пайдаланууга макулдук берилсин.
3.Беккари чуңкурунун иштелишин көзөмөлдөө жана жоопкерчилиги Ак-Суу ЖПБнын төрагасы Ы.Жумабаевге жана Ак-Суу айыл аймагынын ветинспектору А.Маматкуловго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Ак-Суу айылдык кеңешинин Төрагасы: | А.Саматов |
Ак-Суу айылдык Кеңешинин
төрагасы А.Р.Саматовго,
Ак-Суу айыл Аймагынын
башчысы А.Т.Халмуратовго
Ак-Суу ЖПБнын төрагасы
Ы.Н.Жумабаевден
Билдирүү
Менин билдирүү берүүмдүн себеби төмөнкүчө;
Ак-Суу айыл Аймагынын Ак-Суу (Каптархана кичи участкасында) жана Жеңиш айылдарындагы 9Катта нова кичи участкасында)ЖПБ АРИС уюму менен биргеликте жасаган Беккари чуңкурунун курулуш иштери аяктагандыгына байланыштуу,айыл окмөтүнүн балансасына кабыл алып,пайдаланууга уруксат берүүңүздү сураймын.
ЖПБ нын төрагасы: Ы.Н.Жумабаев.