Загрузка документа…
АК СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз 22-сессиясы
2020-жылдын 4-декабры №169
“Айылдык Кеңештин депутаты маркум З.Кабыловдун үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүүгө макулдук берүү жөнүндө”
Угулду
Күн тартибинде коюлган ар түрдүү маселелерде,маркум депутат З.Кабыловдун үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүү боюнча Ак-Суу айыл аймагынын депутаты Ш.Пирматов сунушун билдирди.
Сунушта Айылдык Кеңештин депутаты маркум З.Кабылов мезгилсиз дүйнө салгандыгы айтылып,учурда анын артында калган үй-бүлөсү (беш баласы) үчүн айыл өкмөтүнүн эсебинен,кышкы отун-суусу жана башка керектөөлөрү үчүн акча каражатынан колдоо көрсөтүү пикирин айтып өттү.
Айтылган сунуштун негизинде жарыш сөзгө депутаттар Ж.Акматов,З.Нурматов,Ш.Шүкүровдор чыгышып өз ойлорун билдиришти.
Ошондой эле,Өкмөттүн башчысы А.Халмуратов бул сунушту колдоорун айтып,өкмөттүн эсебинен маркум депутат З.Кабыловдун үй-бүлөсүнө ар тараптуу жардам катары 19000 (он тогуз миң) сом акча каражатын өкмөттүн бюджетинен бөлүп берерин айтып өттү.
Айылдык Кеңештин төрагасы А.Саматов айтылган ойлор эң туура экендигин белгилеп,депутат Ш.Пирматов өкмөттүн бюджетинен которулган акча каражатына кошумча ар бир депутат өз салымын кошуусун түшүндүрүп,колго салганда 12(он эки) депутат сунушту колдоду.
Ак-Суу айыл аймагынын Жергиликтүү Кеңешинин депутаты Ш.Пирматовдун сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 22-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Ак-Суу айыл аймагынын Жергиликтүү Кеңешинин депутаты Ш.Пирматовдун сунушу көңүлгө алынсын.
2.Ак-Суу айылдык Кеңешинин депутаты,маркум З.Кабыловдун үй-бүлөсүнө ар тараптуу жардам катары Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинен 19 (онтогуз миң) сом акча каражатын которуп берүүгө макулдук берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык Кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Суу айылдык кеңешинин Төрагасы: | А.Саматов |