Загрузка документа…
АК СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз 22-сессиясы
2020-жылдын 4-декабры №168
“Таза суу линиясын тартууга,өкмөттүн өздүк салымы катары акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө”
Угулду
Күн тартибиндеги маселе боюнча Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн башчысы А.Халмуратов билдирүү сунушун берди.(Билдирүү тиркелет).
Билдирүүдө Ак-Суу айылындагы “Достук”көчөсүнө (Суу-Башы айылындагы суу топтоочу кампадан) 4 км 700 м (төрт километр жети жүз метр) аралыкка кошумча таза суу линиясын тартуу үчүн өкмөттүн өздүк салымы катары Жеңиш айылындагы кичи футбол аянтчасын куруу үчүн өткөрүлгөн тенднрде үнөмдөлгөн 381153(үч жүз сексен бир миңбир жүз элүү үч) сом,мектептерге интерактивдүү доска алып берүү үчүн 379800 (үч жүз жетимиш тогуз миң сегиз жүз) сом жана ички жолдорду оңдоо үчүн 300000 (үч жүз миң) сом үнөмдөлгөн акчаны,жалпы 1060953 (бир миллион алтымыш миң тогуз жүз элүү үч) сом акча каражатын таза суу линиясына өздүк салым катары кошууга берүү үчүн сунушун айтты.
Таза суу линиясын тартуу үчүн жалпы 1060953 (бир миллион алтымыш миң тогуз жүз элүү үч) сом акча каражаты жумшаларын билдирди.
Жергилитүү Кеңештин кезексиз 22-сессисынын жүрүшүндө жарыш сөзгө депутаттар Ш.Пирматов,Ж.Акматов жана Б.Аширбаев чыгышып,аткарылып жаткан иштерде эконом болгон акча каражаттарын элдин муктаждыгы болгон таза сууга жумшоо иретинде айтылган сунушту колдоорун билдирди.
Ошондой эле кезексиз сессиянын жүрүшүндө төрага сунушту колго салып,жалпы катышып жаткан 12 (он эки) депутат колдоду.
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Халмуратовдун билдирүү ,сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл аймагынын Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 22-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Суу айыл Өкмөтүнүн башчысы А.Халмуратовдун сунушу көңүлгө алынсын.
2 .Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Ак-Суу айылынадагы “Достук” көчөсүнө, (Суу-Башы айылындагы суу топтоочу кампадан) 4 км 700 м аралыкка таза суу линиясын тартууга Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинен ,сунушта көрсөтүлгөн эконом акчаларды кошуп жылдыруу менен 1060953 (бир миллион алтымыш миң тогуз жүз элүү үч) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3.Акча каражаттарын өз убагында которуу КЭБнүн башчысы Х.Кушбаковго жүктөлсүн.
4.Көзөмөлгө алуу депутаттардын Ак-Суу айылдык Кеңешинин бюджет,экономика жана финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Суу айылдык кеңешинин Төрагасы: | А.Саматов |
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн
Башчысы А.Халмуратовго
“Ак-Суу суу”ИСКАКБнын
Башчысы А.Гафировдон
Б И Л Д И Р Ү Ү
Менин билдирүү берүүмдүн себеби төмөнкүчө Ак-Суу айылына Достук кочөсүнө таза суу линиясы тартылбагандыктан,элдин суроо талаптары эске алып,Суу-Башы айылыдагы суу топтоочу кападан Ак-Суу айылына 4700 метр аралыкка кошумча таза суу линиясын тартууга айыл Өкмөтүнүн салымы катары 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражатын болүп берүүңүздү сураймын.
“Ак-Суу суу” ИСКАКБнын башчысы: А.Гафиров.
(Ар түрдүү маселе боюнча)
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн айылыдык кеңешине билдирүү.
Ак-Суу айыл өкмөтү төмөнкүну билдирет:Жеңиш айылына курула турган кичи фудбол аянчасына өткөрүлгөн тендерде эконом болуп калган 381153 сом,мектептерге интерактивдик доска алып берүүдөн 379800 сом,ички жолдорду оңдоо үчүн 300000 сом,жалпы 1060953 сом акча каражатын таза суу линиясын тартууга өздүк салым катары берүү үчүн жылдырып берүүңүздөрдү суранат.
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы: А.Халмуратов.