Загрузка документа…
АК СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги 21-сессиясы
2020-жылдын 24-сентябры №167/2
“Ак-Суу айыл аймагы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата Өнүгүү программасы жөнүндө”
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Халмуратовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-уу айыл аймагынын Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 21- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Халмуратовдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2.Ак-Суу айыл аймагы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата Өнүгүү программасынын долбоору толугу менен кабыл алынсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ак-Суу айылдык кеңешинин Төрагасы: | А.Саматов |