Загрузка документа…
АК СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги 21-сессиясы
2020-жылдын 24-сентябры №167/1
“Долбоорго салым кошуу боюнча жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө”
Ак-Суу айыл аймагынын Ак-Суу айлындагы Жаңы-Абад көчөсүн капиталдык оңдоо жана 1км аралыктагы жолго асфалт төшөө боюнча Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Халмуратовдун билдирүүсүнүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Ак-Суу айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Халмуратовдун берген билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. Ак-Суу айыл аймагынын Ак-Суу айлындагы Жаңы-Абад көчөсүн кампиталдык оңдоо жана 1км аралыктагы жолго асфалт төшөө максатында Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен тийиштүү акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин Түрткү берүүчү грантына
Ак-Суу айыл өкмөтү тарабынан сунушталуучу Ак-Суу айылындагы
“Жаңы-Абад көчөсүн капиталдык оңдоо жана асфалт төшөө” аталыштагы суммасы 5000 000(беш миллион) сомдук долбоорду ишке ашыруу үчүн 15% дык өздүк салымы болгон 2000 000 (эки миллион) сом акча каражаты Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
4. Керектүү иш кагаздарын даярдоо жана тактоо жер боюнча адис А.Шамшиевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл өкмөтүнө жана Ак-Суу айылдык Кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Суу айылдык кеңешинин Төрагасы: | А.Саматов |